Menu

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу директору менен жолугушту

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу директору менен жолугушту

КРФМ

2026-жылдын 29–30-июнунда Ташкент шаарында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Эл аралык валюта фондунун Швейцария-Польша шайлоочулар округу боюнча Аткаруучу директору Патрик Лошевски менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик инвестицияларды башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле техникалык колдоо көрсөтүү жана институттук потенциалды өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Руслан Суйналиев Кыргыз Республикасы Эл аралык валюта фонду менен түзүлгөн конструктивдүү кызматташтыкты жогору баалай турганын белгилеп, өлкө экономикалык реформаларды ишке ашырууда Фонддун сунуштарын ырааттуу түрдө эске алып келерин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2169

Окшош жаңылыктар