Menu

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту

КРФМ

Ташкент шаарында өткөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани жана Дүйнөлүк банктын Швейцария шайлоочулар тобу боюнча Аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, аларды даярдоону жана ишке ашырууну тездетүү боюнча чараларды, Дүйнөлүк банктын бюджеттик колдоосун, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Руслан Суйналиев Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, артыкчылыктуу социалдык-экономикалык долбоорлорду жана түзүмдүк реформаларды ишке ашырууда өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда тоо экономикасын өнүктүрүү боюнча демилгеге, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун Бишкек шаарында өтө турган жыйынын даярдоо маселелерине, ошондой эле "Камбар-Ата"  "ГЭС-1" долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2246

Окшош жаңылыктар