Өлкөнүн ирригациялык фондун жакшыртуу максатында 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6 614,6 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн

Анын ичинен оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга 5 848,5 млн сом, ал эми жаңы атайын техниканы сатып алууга 766,1 млн сом бөлүнгөн.  Бул каражаттарга каналдарды бетондоо жана 2 331,7 км ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо жолу менен ишке ашырылган, 2 746 даана гидротехникалык курулмалар жана 315 даана насостук станциялар оңдолгон.

Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында жаңы насостук станция ишке киргизилди. Ошондой эле Кадамжай районунун Р-1 дюкеринин курулуш иштери жана Чоң-Алай районунун Шибе-Жекенди каналынын курулушунун биринчи этабы аяктады. Бул объекттер белгиленген мөөнөттө бүткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө жер пайдалануучуларга сезилерлик пайда алып келүүдө.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
941

Окшош жаңылыктар