Курултайдын делегаттардын аманаттары КР Финансы министрлигине жеткирилди

Курултайдын делегаттардын аманаттары КР Финансы министрлигине жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алгачкы Курултайда Кыргызстандын булуң бурчунан келген 100-дөн ашуун делегаттардын кайрылууларын кабыл алды.

Эл өкүлдөрү мектептердин эскилиги жетип, 29 жылдан бери күнүмдүк оңдоолордон өтүп келгени, жазылган сметалар каралбай капиталдык оңдоого кептелген абалы, жаңы жабдуулар менен камзыдоо тууралуу жалпысынан мектеп, бала бакчалар, административдик мекемелер, машыгуу залдарынын жетишсиздиги тууралуу кайрылышты. 

Алыскы айыл жергесинин тургундары пайызсыз кредиттерди бөлүп берүү, айыл-чарбага көмөк көрсөтүү, жолдорду салып берүү өтүнүчү менен кайрылышты. 

Шайланган делегаттар жергиликтүү тургундардын ирригация маселеси, “Таза суу” проекттери боюнча чечилбей келе жаткан көйгөйлөр, сугат суулары менен камсыз кылуу аманаттарын КР Финансы министрине жеткиришти. 

Айрым делегаттар өлкөнүн жаңы реформаларына кубанып, жылдап чечилбей келе жаткан көйгөйлөр иш-жүзүндө орундалып атканына ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти.

Өз кезегинде Финансы министри Алмаз Бакетаев эл өкүлдөрүнүн кайрылуулары дыккат караларын билдирди. 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2717