Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛДӨРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ МЕНЕН БЮДЖЕТТИК ЧӨЙРӨДӨГҮ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУСУ
КРФМ
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиев, орун басары У.И. Календеров жана ЭВФнын бюджеттик маселелер боюнча департаментинин директорунун орун басары Кэтрин Баердин катышуусунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана ЭВФнын директорлору менен эксперттеринин катышуусунда Кыргыз Республикасында бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.
Талкуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында эмгек акы төлөө системасын реформалоонун негизги аспектилери, бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен байланышта каралды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коюлган 2026-жылдан тарта социалдык чөйрөдөгү айрым кызматкерлердин эмгек акысын этап менен жогорулатуу боюнча милдеттер эске алынды.
Бул маселени талкуулоо учурунда аталган ишти башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын эске алуу менен жүргүзүү сунушталды. Ошондой эле ЭВФ эмгек акы төлөө фонду боюнча гана эмес, башка багыттар боюнча да алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды берүүнү камтыган мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.
1 сүрөттөр
0.00MB