“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында жолугушуу

“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында жолугушуу

Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо (ССӨКЖД КК) долбоору боюнча 2022-жылдын 2-ноябрында ДБ тараптан курамына долбоордун жетекчиси Т.Сайед, долбоордун кош жетекчиси  Т.Кошматов кирген Дүйнөлүк банктын командасынын КР ФМ алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү (КЛББ) жана  КР ФМ Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын кызматкерлери менен менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КЛББ директору Мусакожоева Б.Ш. Кайтарым фондунун прогресси жана учурдагы статусу (3-компонент) жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ишке ашырууга, ошондой эле кийинки кадамдарга жана макулдашылган иш-аракеттерге байланышкан маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасында айыл чарба секторун өнүктүрүүнү андан ары колдоого даяр экендигин билдирди.

Маалымат катары: Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоо” долбоору (II фаза) 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда. 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3508