КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2024-жылдын 27-сентябрында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.

 

Иш-чараны министрдин орун басары Календеров Улугбек Ибраимович ачып берип, Министрликте мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга кыскача токтолуп, куттуктоо сөздөрүн айтты.

Аталган жыйынтыктоочу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич чакырылган. Төрага куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге мамлекеттик тилдин баалуулугу, улуттун бир өзөгү тил болгондуктан, кылдат мамиле кылуу менен тилибизди колдоп, жоготуп албоого чакырды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салымын кошкон жетекчилерди, иш-кагаздарын сапаттуу жүргүзгөн кызматкерлерд Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйлады.

Ошондой эле, иш-чарада Кыргызча оңой/Easy kyrgyz  мобилдик колдонмонун презентациясы болуп, Борбордук Азиядагы Америка университетинин деканы, улук окутуучусу Карабаев  Данияр кызматкерлерге кеңири маалымат берди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2024-жылдын 2-сентябрындагы № 135-Б “Мамлекеттик тил күнүн белгилөө жөнүндө” буйругуна ылайык Кызматтык каттарды, каттарды 100 % мамлекеттик тилде жана сапаттуу даярдоо, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Финансы министрлигинин 100 жылдыгы темаларына видеобаян даярдоо, эссе жазуу иш-чаралары уюштурулган.

Иш-чарага Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү катышкан. Иш-чаранын жыйынтыгы буйрукка ылайык түзүлгөн комиссия тарабынан чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Мыкты видеобаян тарткандыгы үчүн I орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду, II орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, III орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас финансы башкармалыгы алган. Ал эми мыкты эссе жазгандыгы үчүн I орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынын адиси Акматова Нуркыз Кыдыргычовна, II орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун 2-категориядагы инженери Казыбаев Эрик Осмонович, III орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жумгал финансы башкармалыгынын башкы адиси Кадыралиева Чынара Камчыбековна алган. Каттарды, кызматтык каттарды сапаттуу даярдагандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгы, Капиталдык салымдар башкармалыгы, Борбордук казыналыгы мыкты деп табылган.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, кызматкерлерге майрамдык маанай тартуулоо үчүн концерттик программа уюштурулган

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
889

Окшош жаңылыктар