Menu
Тренддер

2022 ЖЫЛГА КР ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНЕ 22 229,6 МЛН. СОМ КАРАЛГАН
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылга такталган бюджети 22 229,6 миллион сомду түзөт. Алардан: - учурдагы бюджет - 3 198,7 млн сом; - "мамлекеттик инвестициялар" тармагы боюнча - 13 797,1 млн сом; - "капиталдык салымдар" беренеси боюнча - 5 233,8 млн. сом;
Учурдагы бюджет боюнча каралган каражаттар жолдорду жана жол курулуштарын төшөөгө жана оңдоого багытталат, мында негизги иш-чаралар:
-Орточо оңдоого - 1 438,7 млн сом;
-Учурдагы оңдоо иштерине – 315,8 млн сом;
-Жол битумун сатып алууга – 1505,4 млн сом;
-Кышкы жана жайкы тейлөөгө – 234,9 млн сом;
Кредитордук карызды жабууга – 117,0 млн.сом, анын ичинен 86,9 млн.сом казыналык баалуу кагаздарды чыгарууга жумшалган.
«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 12 айдын жыйынтыгы менен каралган каражаттын эсебинен 5233,8 млн. сом каралган.
Кошумча маалымат: Алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүргүзүлүп келет.