Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ Н.АКЖОЛОВ ШВЕЙЦАРИЯНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИСИ С.МЕССЕРЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
КРФМ
2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын кызматташтык маселелерине арналган жолугушуу өттү. Элчи Сироко Мессерли швейцариялык делегацияны жетектеди.
Негизги багыт болуп Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык абалы, борбордук жана жергиликтүү долбоорлордун жүрүшү, бюджеттер аралык мамилелерди жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттердин туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле санариптик инструменттер аркылуу жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана башкаруу болду.
Мындан тышкары, ПЕФА баалоосунун жыйынтыктарын колдонуу, профилдик түзүмдөр ортосунда техникалык координация жана жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга жана өз ара байланыштарды чыңдоого макулдашты.
2 сүрөттөр
0.00MB