Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАТАК-МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАТАК-МЕКТЕБИНДЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Чүй областынын Нижнечуйское айылынын «Психикалык өнүгүүсү жетишпеген балдар үчүн атайын башталгыч жатак-мектеби» мекемесине барып, жаңы спорт комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, мекеменин жетекчилиги менен долбоордун кийинки этаптарын талкуулады.

Эрнст Калдыбаев ошондой эле тарбиялануучулар менен баарлашып, Жаңы жыл алдында аларга белектерди тапшырды жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан балдар менен педагогдорду жылуу куттуктап, ден соолук, ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Финансы министрлиги балдардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн социалдык демилгелерди колдоону улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2056

Окшош жаңылыктар