КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.КАЛЕНДЕРОВ: “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДАГЫ АЧЫК-АЙКЫН ТАЛДОО,  КОРРУПЦИЯДАН КОРГООГО МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ”

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ У.КАЛЕНДЕРОВ: “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДАГЫ АЧЫК-АЙКЫН ТАЛДОО,  КОРРУПЦИЯДАН КОРГООГО МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ”

КР Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча командасынын жетекчиси Камрул Хасан менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын туруктуулугу жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлор боюнча маселелер талкууланды.

У.Календеров Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча командасынын жетекчиси Камрул Хасанга активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы маанилүү аспектилерди белгиледи.

«Биз Дүйнөлүк банк менен кызматташуубузду жогору баалайбыз. КР Финансы министри А.Бакетаевдин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү талабы жол-жоболорду өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө биз акыркы тенденциялардан артта калбай, мезгилдин жаңы чакырыктарын эске алуу менен өз позициябызды чагылдырабыз. Учурда мамлекеттик сатып алуулардын абалын ачык-айкын талдоо рынокту коррупциядан коргоого торлук мүмкүндүк берет”, - деп баса белгиледи У.Календеров.

Финансы министринин орун басарынын айтымында, - “Колдонуудагы мыйзамдар объективдүүлүктү жана айкындуулукту эске алуу менен так жазылган. Бул багытта Дүйнөлүк банктын колдоосу да маанилүү. Финансы министрлиги ыйгарым укуктуу орган катары сергек атаандаштыкты, көрсөтүлүүчү кызматтардын, жумуштардын жана товарлардын сапатын камсыз кылуунун ачкычы экенин далилдейт”.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча командасынын жетекчиси К.Хасан да мамлекеттик сатып алуулардагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Дүйнөлүк банк бул жаатта колдоо көрсөтүүнү уланта берерин ырастады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы колдонуучуларга өздөрүнүн сатып алуу иш-аракеттерин сметага ылайык пландаштырууга, келишимдерди түзүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, сатып алууларга мониторинг жүргүзүү жана сатып алуу процессине коомдук көзөмөл жүргүзүү үчүн инструменттерди камсыз кылат.

Системаны ишке ашыруунун натыйжасында сатып алуу процесси онлайн режиминде өтөт. Жеткирүүчүлөрдүн ортосунда реалдуу атаандаштык түзүлүп, алардын географиялык теңдиги эске алынат. Мындан тышкары, сатып алуучу уюмдардын да, берүүчүлөрдүн да чыгымдары жана убактысы үнөмдөлөт.

 

 

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1159