Финансы министринин орун басары А.М.Кудайбердиевдин Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

Финансы министринин орун басары А.М.Кудайбердиевдин Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министрдин орун басары А.М.Кудайбердиевдин Андрес Мюллер жетектеген Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкүлөрдү талкуулашты:

Швейцариянын Берн шаарында пландаштырылган Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы биргелешкен экономикалык комиссиянын кезектеги отурумуна даярдык көрүү. Финансылык программалоо жаатында техникалык жардамга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар белгиленген долбоорлордун алкагында биргелешкен иштин негизги багыттарын белгилөө менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө умтулууларын тастыкташты.

Тиркелген файлдар

jpeg
3.jpeg

0.64 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2963

Окшош жаңылыктар