Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДҮЙШЕЕВА ЖИБЕК КУРМАНБЕКОВНА “ЗАММАЙСАЛ” ЖЧКнын АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДҮЙШЕЕВА ЖИБЕК КУРМАНБЕКОВНА “ЗАММАЙСАЛ” ЖЧКнын АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

КРФМ

      2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Дүйшеева Жибек Курманбековна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун онлайн катышуусу менен өткөн  67 өнөр жай ишканасын ачуу боюнча программаны ишке киргизүүнүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан “Заммайсал” ЖЧКсынын ачылыш аземине катышты.
    Финансы министринин орун басары куттуктоо сөзүндө бул маанилүү иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен айкалышып өткөнүн белгилеп, “Заммайсал” ишканасы эмгекчил элдин жаратуучулук күчүнүн жана келечекке болгон ишениминин символу экенин баса белгиледи. Ишкана жүздөгөн жарандарды жумуш орундары менен камсыздап, текстиль тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды арттырууга жана аймактардын социалдык-экономикалык өсүүсүнө салым кошооруна ишеним билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
473

Окшош жаңылыктар