Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖИБЕК ДҮЙШЕЕВА ВАШИНГТОНДО ӨТКӨН ЖАШЫЛ ИННОВАЦИЯ КОРЕЯЛЫК КҮНДӨРҮ (KGID) ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2025-жылдын 20-22-октябрында Дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жашыл инновация 14-кореялык күндөрү (Korea Green Innovation Days – KGID) иш-чарасына катышты.
KGID – Кореянын жашыл өсүү боюнча атайын фондунун (Korea Green Growth Trust Fund – KGGTF) негизги иш-чарасы болуп саналат. Ал Дүйнөлүк банктын жетекчилерин, өкмөт өкүлдөрүн, жеке секторду, илимий коомчулукту жана эл аралык уюмдарды бириктирет.
Быйылкы форум жашыл жана инклюзивдүү өсүүнү илгерилетүүнү алты негизги сектордо караштырууга багытталды: энергетика, транспорт, айыл чарба, суу ресурстары, экология, санариптик трансформация жана шаардык өнүгүү.
Программанын алкагында туруктуу чечимдерге инвестицияларды кеңейтүү, жасалма интеллектти жана жаңы технологияларды жашыл жумуш орундарын түзүү үчүн колдонуу, ошондой эле өлкөлөр менен өнүгүү институттарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
Иш сапардын жүрүшүндө Жибек Дүйшеева Дүйнөлүк банктын жана Кореянын жашыл өсүү боюнча атайын фондунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, жашыл каржылоо жана климаттык инвестициялар чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечектеги багыттарын, анын ичинде Кыргыз Республикасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын KGID 2025 иш-чарасына катышуусу, туруктуу өнүгүүнүн улуттук күн тартибин илгерилетүүдө, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөөдө жана жашыл өсүүнү каржылоого инновациялык мамилелерди тартууда маанилүү кадам болду.