Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева: Бирдик казыналык эсепке 178 819 602 сом түштү

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева: Бирдик казыналык эсепке 178 819 602 сом түштү

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева “Кабар” агенттигинде өткөн түз эфирде 20.09.22.17:30да Финансы министрлигинин эсебине 178 819 602 сом түшкөнүн билдирди.

Ошондой эле, Президенттин жарлыгына ылайык, Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларда Министрлер Кабинетине убактылуу турак жайларды уюштуруу, жаңы үйлөрдү куруу, калкты зарыл болгон турак-жайлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча, буюмдар, кийим-кече, дары-дармектер, укук коргоо органдарынын чек ара заставаларын, социалдык объектилерди калыбына келтирүү тууралуу бир катар тапшырмалар берилди.

Бул иш-чара кошумча каражатты талап кыла тургандыктын, Финансы министрлиги бул иш-чараларды каржылоо үчүн каражат булактарын аныктоонун үстүндө иштеп жатат.

Бекитилген бюджет учурдагы кырдаалга байланыштуу приоритеттүү багыттар боюнча оптималдаштырылат жана кайра бөлүштүрүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө Президенттин Жарлыгы кабыл алынган. Бул Жарлыкка ылайык, 1-октябрдан тарта өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөк акылар жогорулатылат.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3134