ОШ ШААРЫНДАГЫ ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ

ОШ ШААРЫНДАГЫ ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки, Финансы министрлигинин кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева Ош шаарындагы Айыл банктын филиалдарынын бирине барды.

Жолугушууда Айыл банктын Ош шаарындагы филиалдардын эки директору катышты. Анда ишкерлер тарабынан "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында банктар тарабынан пайызсыз насыяларды берүүдөн баш тарткандыгы боюнча билдирүүлөрү, баш тартуунун себептери, кайрылган ишкерлерди тейлеген банк кызматкерлердин иштөө алгоритми талкууланды.

Маалымат үчүн "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоору Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
1622