Menu

КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП

КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП

(КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР –КОМПАНИЯНЫ ТАНДОО)

Долбоор: Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо

Грант No: IDA-D7060

Тапшырманын аталышы: ПТБМ жол-жоболору боюнча колдонмого ылайык “Кепилдик фонд” ААКнын жана катышкан финансылык мекемелердин ишин камсыздоо максатында ПТБМнын ар жылдык техникалык аудити.

Пакет No. (Сатып алуулар планына ылайык): PRSF-CQS-2.2.9

Кыргыз Республикасы Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоорун (Долбоор) ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан каржылоо алган.  

2-компоненттин алкагында МЧОИ кредиттеринин талаптарын канааттандырган Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми үчүн каржылоо берилет.  Бул компоненттин максаты финансылык сектордун COVID-19 пандемиясы менен шартталган кризистик кырдаал учурунда микро, чакан жана орто ишканаларды карыздык каржылоосун кыскартуу тобокелдигин азайтуу жана (ii) калыбына келтирүү мезгилинде МЧОИге карыздарды берүүнү камсыздоо болуп саналат. Буга Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизмин (ПТБМ) түзүү жана иштетүү аркылуу жетишилген.

ПТБМнын алкагында катышкан финансылык-кредиттик уюмдун (КФУ) табыштамасы боюнча ПТБМнын жол-жоболору боюнча колдонмодо белгиленген мыйзамдуу критерийлерге шайкеш келген, КФУнын берилген жаңы кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү кредиттери боюнча портфелдик кепилдиктери берилет. КФУнын берилген кредиттери ПТБМда  автоматтык каттоо принциби боюнча катталат, эгерде кредит алгылыктуулуктун бардык критерийлерине шайкеш келсе, КФУ аны автоматтык түрдө ПТБМда каттайт жана тараптардын бири да аны ПТБМнын кепилдик портфелинен чыгарып салууга укугу жок.

ПТБМ долбоорун башкаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (КРФМ) тарабынан “Кепилдик фонд” ААКга (“КФ” ААК) өткөрүлүп берилген. “КФ” ААК мындай кредиттерге кандайдыр бир кошумча кредиттик талдоо жүргүзбөстөн КФУ тарабынан  берилген бардык кредиттерди ПТБМда каттайт.

“Кепилдик фонд” ААК Долбоордун каражаттарынын бир бөлүгүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө пайдаланууну пландоодо. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр  (“Кызмат көрсөтүүлөр”) Долбоордун ПТБМнын 2-компонентинин иштегендигин жана ПТБМнын жол-жоболору боюнча колдонмого, КР ФМ жана “КФ” ААКнын, “КФ” ААКнын жана КФМнын ортосундагы агенттик макулдашууларга ылайык “КФ” ААКнын ПТБМны башкаргандыгын текшерүү үчүн тышкы техникалык аудитти камтыйт. 

Техникалык аудит маалыматтын аныктыгын тастыктоо боюнча эл аралык стандарттарга (ISAE, ISA, ISRE) ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Бир кыйла толук маалыматты тиркелген техникалык тапшырмадан табууга болот.

“Кепилдик фонд” ААК укуктуу аудитордук фирмаларды (“Консультанттарды”) кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар консультанттар жогоруда кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты берүүгө тийиш.

Тандалуу үчүн Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасында аудитти жүргүзүүдө он жылдан кем эмес тажрыйбага ээ компания болууга.
  • Аудитор эл аралык донорлордун эсебинен каржыланган долбоорлордо акыркы 5 жылда кеминде 2 аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга тийиш.

Кызыкдар консультанттар Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктардын кагылышуусу жаатындагы саясатын коргоо максатында инвестициялык долбоорлорду каржылоону алуучулар үчүн Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча колдонмосунун 3.14 жана 3.21-пункттарына - 2020-жылдын ноябрындагы инвестициялык долбоорлорду каржылоонун алкагында товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга (сатып алуулар боюнча нускама) өзгөчө көңүл бурууга тийиш.

Консультанттар өз кызыгууларын жекече билдире алат же өзүнүн квалификациясын бекемдөө үчүн башка фирмалар менен биргелешкен ишкана түрүндө бириге алат. Биргелешкен ишкананын бардык мүчөлөрү бардык тапшырманы аткаруу үчүн чогуу жана жеке жооптуу болууга тийиш.  Консультантты тандоодо суб-консультанттардын тажрыйбасы жана квалификациясы каралбайт.

Консультант сатып алуулар боюнча жогоруда аталган нускамада жазылган квалификациясы боюнча консультанттарды тандоо методунун негизинде тандалат.

Кошумча маалыматты жана техникалык тапшырманы эс алуу күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбү-жума күндөрү төмөнкү даректен жергиликтүү убакыт боюнча 9:00дөн 18:00гө чейин алууга болот.

Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө англис же орус тилинде (орус тилине которулганы жакшы) төмөнкү дарек боюнча (электрондук почта боюнча) 2023-жылдын 4-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Дареги:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү

КЛББнын директору Бермет Мусакожоевага

Эркиндик бульвары  58А, 302-каб

Кыргыз Республикасы, Бишкек, 720024

Teл: +996 312 620357

        +996 312 666001

Эл.почта: office@piu.kg

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2309