Menu
Тренддер
КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП
(КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – ЖЕКЕ КОНСУЛЬТАНТТАР) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖЕКЕ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК СЕКТОРДУ ШАШЫЛЫШ КОЛДОО ДОЛБООРУ ГРАНТ №D706-KG – КРЕДИТ №6758-KG ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КОНСУЛЬТАНТ
Кыргыз Республикасы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк Банк) жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан (АИИБ) “Жеке жана финансылык секторду шашылыш колдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоону алган.
КЛББнын башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан “Кепилдик фонд” ААКны камсыздайт. Долбоорду натыйжалуу башкаруу жана координациялоо, ошондой эле экологиялык талаптарды аткаруу жана аларды долбоордун экологиялык принциптерине жана стандарттарына ылайык келтирүү үчүн экологиялык жана социалдык маселелер боюнча консультантты жалдоо пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн укуктуу жеке консультанттарды өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюмени) берүүгө тийиш.
Кызыкдар адамдардын квалификациясы төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:
Жалпы квалификациясы:
Экологиялык же социалдык илимдер, айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирди талдоо же башка ушул сыяктуу тиешелүү жааттагы жогорку билим;
Тапшырмага шайкештиги:
Тиешелүү чөйрөдө 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйба;
Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү коргоо боюнча документтерди иштеп чыгууда далилденген тажрыйба;
Эл аралык уюмдар каржылаган ушул сыяктуу долбоорлордогу иш тажрыйбасынын болушу артыкчылыктуу болот;
Билими жана көндүмдөрү:
Мамлекеттик жана расмий тилдерди (жазуу жана оозеки) билүү - милдеттүү түрдө, англис тилин (жазуу жана оозеки) билүү артыкчылыктуу болот;
Компьютердик сабаттуулук: Word, Excel, Power Point сыяктуу Windows чөйрөсүндөгү программаларды билүү.
Консультант 2016-жылдын июлунда кабыл алынган, 2017-жылдын ноябрында, 2018-жылдын августунда киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен колдонуудагы редакциядагы “Инвестициялык долбоорлорду каржылоонун карыз алуучулары үчүн Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча колдонмосу” Дүйнөлүк банктын жол-жоболоруна ылайык тандап алынат.
Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2023-жылдын 23-октябрынан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
КР Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бул. 58А, 302-кабинет.
Тел: +996 312 666001
E-mail: office@piu.kg