ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ПОРТАЛЫ ИШКЕ КИРДИ

ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ПОРТАЛЫ ИШКЕ КИРДИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-ноябрындагы №301 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасы 31-марттан баштап пилоттук режимде ишке киргизет.

2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке жана алардын туунду компанияларына таандык болгон чарба жүргүзүүчү субъектилердин сатып алууларынын маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Инфосистема” мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 31-мартында мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштелип чыккан маалыматтык тутумун пилоттук режимде ишке киргизет.

Сатып алуу порталы максималдуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ишенимдүү. Мындан тышкары компаниялар үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алуунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Жеткирип берүүчү же сатып алуучу болобу, портал сатып алуу процессин жеңилдетип, сунуштарды табууга жана убакытты, акчаны үнөмдөөгө жардам берген ыңгайлуу функцияларды сунуштайт.

Сатып алуу порталынын артыкчылыктары:

Пландаштыруу, сунуштарды берүү үчүн ыңгайлуу интерфейс.

Биринчиден, бул сатып алуу процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатат жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алат. Бул атаандаштыкты жакшыртат жана бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзөт.

Экинчиден, портал сатып алуу процессинин убактысын жана каражатты үнөмдөөгө, процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Үчүнчүдөн, ал бардык катышуучулар, анын ичинде кардарлар жана жеткирүүчүлөр үчүн эффективдүү жана натыйжалуу процессти камсыз кылат.

Мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай каржыланган муниципалдык уюмдар үчүн казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциялоо каралган, бул кассалык чыгашаларды жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт.

Сиздерди сатып алуу порталына катталып, анын бардык артыкчылыктарын бүгүндөн тарта колдонууга чакырабыз!

Сынактарга катышуу үчүн zakupki.okmot.kg шилтемеси боюнча сатып алуулар порталында катталуу керек.

Порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча суроолоруңуздар болсо, төмөнкү телефон аркылуу Техникалык колдоо кызматына кайрылыңыздар:
+996 (312) 66-03-35
+996 (312) 62-24-31

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3810