«Санариптик казыналык облигациялар» жаңы санариптик инструменти ишке киргизилет

«Санариптик казыналык облигациялар» жаңы санариптик инструменти ишке киргизилет

2023-жылдын 1-январынан тарта Финансы министрлиги «Санариптик казыналык облигациялар» атайын IT платформасында накталай эмес өз ара эсептешүүлөр үчүн жаңы санариптик инструментти ишке киргизет.

Биринчи этапта жогорудагы санариптик баалуу кагаздар аркылуу салык жана кредитордук милдеттенмелерди төлөө үчүн коммуналдык кызматтарга (электр, суу, жылуулук) төлөө механизми ишке киргизилет. Бул санариптик эсептешүү механизми ошондой эле бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына кошумча контролду камсыз кылат, төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн кыскартат, салык жана башка милдеттенмелерди өз убагында төлөөгө, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде акча каражаттарынын кыймылынын ачык-айкын көргөзүп турат. Бул жалпысынан бюджеттик системанын кассалык жүгүртүлүшүн үнөмдөйт.
 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2862