Тренддер
MegaPay аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирет
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде калк үчүн мамлекеттик казына облигацияларынын пилоттук чыгарылышын ишке киргизет.
Тагыраагы, Баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча сооданы Кыргыз фондулук биржасы уюштурат.
Долбоордун негизги максаты - мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана инвестициялоо маданиятын өнүктүрүү.
Мамлекеттик казына облигацияларынын жүгүртүү мөөнөтү 2 жылды түзөт. Бир облигациянын номиналдык баасы 100 сом болсо, минималдуу сатып алуу суммасы 1000 сомдон башталат. Жалпы чыгарылыш көлөмү 500 миллион сомду түзөт.
Баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк жылына 17 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Пайыздык киреше облигация ээлерине квартал сайын төлөнөт, ал эми негизги сумма жүгүртүү мөөнөтү аяктагандан кийин толугу менен кайтарылат.
Мисалы, жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алган учурда, эки жыл ичинде жалпысынан 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом толугу менен кайтарылат.
Мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнөлүк тажрыйбада эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Анткени кирешени төлөө жана негизги каражатты кайтаруу мамлекет тарабынан кепилденет.
Пилоттук чыгарылыштын өзгөчөлүгү - анын жеткиликтүүлүгү жана жөнөкөйлүгү. Эми мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн татаал жол-жоболордон өтүүнүн зарылдыгы жок. Жарандар MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу 24/7 режиминде бир нече кадам менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алып, жеке инвестициялык портфелин түзүп, туруктуу киреше ала алышат.