Menu

БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЗА ЖЫЛЫТУУГА ӨТҮҮ ҮЧҮН 1 МИЛЛИОН СОМГО ЧЕЙИН КАРАЖАТ АЛА АЛЫШАТ

БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЗА ЖЫЛЫТУУГА ӨТҮҮ ҮЧҮН 1 МИЛЛИОН СОМГО ЧЕЙИН КАРАЖАТ АЛА АЛЫШАТ

КРФМ

Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында үйлөрүнө экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин кредит ала алышат. Каржылоо коммерциялык банктар аркылуу жылуулук насосторун, электр казандарын жана күндүн энергиясы менен суу жылытуу системаларын орнотууга берилет. Тургундар үйлөрүн модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген пайыздык чен менен кредит ала алышат, ал эми жабдууларды берилүүчү компаниялар жылуулук жабдууларын берүү жана орнотуу үчүн 5 миллион сомго чейин насыя ала алышат.

              Долбоор Бишкектеги абанын булганышын азайтууга, шаар тургундарынын ден соолугун жакшыртууга жана шаардын экологиялык туруктуулугун бекемдөөгө багытталган. Аны ишке ашыруунун алкагында борбор калаанын тургундары жылытуунун экологиялык жактан таза жана энергияны үнөмдөө ыкмаларына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бүгүнкү күндө Бишкекте, айрыкча жеке сектордо жылытуу системасы дагы эле көмүр менен отунга көз каранды. Көпчүлүгү үйлөр эскирген жана натыйжасыз жылытуу системаларын колдонушат, бул айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын жогорулашына алып келүүдө. Долбоордун алкагында көрүлүп жаткан чаралар шаар тургундарынын ден соолугун жакшыртууга, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана борбор калаанын экологиялык туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун 2-компоненти - "Жылытуу үчүн кыйла таза чечимдерди киргизүүнү колдоо" - жылытуунун таза технологияларын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Бул чечимдердин ички рыногун өнүктүрүүгө, үй чарбалары үчүн модернизациялоонун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды колдоого багытталган.

«Долбоор абанын булганышын азайтууга, шаардыктардын ден соолугун жакшыртууга жана узак мөөнөттүү экологиялык туруктуулук үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашырылууда жана биз анын реалдуу натыйжаларды алып келерине ишенебиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИИБ) директору Бермет Мусакожоева.

Долбоордун 2-компоненти боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жүргүзөт. Бөлүм мамлекеттик жана жеке менчик банктар менен биргеликте кредиттик линияларды башкаруу жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.

Долбоордун маанилүү бөлүктөрүнүн бири — калктын экологиялык жактан таза жылытуу технологиялары, энергияны үнөмдөө жана алардын ден соолукка тийгизген оң таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык кампания болот.

Каржыланган инвестициялар үй чарбаларынын ар кандай категорияларына наркы жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча оптималдуу чечимдерди тандоого мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.

«Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору 2023–2028-жылдар аралыгында ишке ашырылып жатат жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген шарттары бар пайызсыз кредит түрүндө каржыланууда.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
858

Окшош жаңылыктар