Menu
Тренддер
2025-ЖЫЛ: КЫРГЫЗСТАНДА ЭКОНОМИКАГА КОЛДОО КҮЧӨГӨН ЖЫЛ
КРФМ
КР Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын Орто мөөнөттүү саясат жана программалык бюджеттештирүү бөлүмүнүн башчысы Б. Жүрсүнбеков «Кабар» агенттигине берген маегинде 2025–2027-жылдарга бюджетке киргизилген негизги өзгөртүүлөрдү түшүндүрүп, 2025-жыл Кыргызстан үчүн фискалдык мүмкүнчүлүктөр кеңейген жана экономикага колдоо күчөгөн жыл болгонун белгиледи.
Анын айтымында, кеңейген консолидацияланган бюджет мамлекеттин экономикага жана социалдык тармакка таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, каражаттардын негизги бөлүгү реалдуу секторду — айыл чарба, энергетика жана инфраструктураны — колдоого багытталды. Фермерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген каржылоо программалары да кеңейген.
Социалдык тармактагы каржылоонун өсүшү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана пенсиялык системанын туруктуулугун бекемдөөгө жардам берүүдө. Аймактарга бөлүнгөн кошумча ресурстар жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга жана кызматтарды кеңейтүүгө шарт түзүүдө.
Б.Жүрсүнбеков бюджеттин профицит менен түзүлүшү мамлекеттик карызды тейлөөнү жана өнүгүү долбоорлорун кошумча колдоону камсыздай турганын кошумчалады.