Menu
Тренддер
СҮТ СЕКТОРУНДА 366 СУБЪЕКТКЕ КРЕДИТ БЕРИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду сүт секторуна кредиттерди берет. 2023-жылдын 1-августуна карата республика боюнча 366 субъектке 132,3 млн сомго кредиттер берилген, анын ичинде:
Суб. |
Аталышы |
Кредиттин суммасы |
|
366 |
Жалпы |
132 350,00 |
|
7 |
Баткен |
2 900,00 |
|
88 |
Джалал-Абад |
30 500,00 |
|
72 |
Ысык-Көл |
26 850,00 |
|
31 |
Нарын |
15 100,00 |
|
41 |
Ош |
16 500,00 |
|
49 |
Талас |
19 110,00 |
|
48 |
Чуй |
21 390,00 |
Кредиттер төмөнкү шарттарда берилет:
- максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;
- кредиттин суммасы – жарандарга 500,0 миң сомдон ашык эмес;
- фермердик чарбаларга – 1 000,0 миң сомдон ашык эмес;
- кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;
- кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;
- кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоо;
- кепилдик берүү менен 150000 (жүз элүү миң) сомго чейин кредит берүү каралат.