Menu
Тренддер
70 субъект мал сатып алууга насыя алышты
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” иштелип чыкты. Программа сут өндуруу боюнча бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Бүгүнкү күндө 70 субъектке 27 млн 860 миң сом насыя берилди.
Алардын ичинен облустар боюнча:
Ысык-Көл облусу – 11 500 000 сом
Талас облусу – 6 410 000
Чүй облусу – 3 150 000
Жалал-Абад облусу – 2 800 000
Нарын облусу – 4 000 000
Эскерте кетсек кредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:
Айылдык өндүрүшчүлөр
- 500 миң сомго чейин.
Фермалар учун
- 1 миллион сомго чейин.
Шарттары: жылдык 6% га чейин;
финансылык санкциялар - жылына 12%;
күрөөгө каралган шарттар;
150 миң сомго чейин кредиттерди «кепилдик» менен берүүнү карайт. Мөөнөтү - 36 айга чейин, негизги карызды жабуу үчүн 9 ай жеңилдетилген убактысы менен жана квартал сайын бекитүү шарт;
Насыяларды берүү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго кайрылыңыз:
0(312) 30-48-83; 0(997)88-55-54;
0(755) 55-88-71;
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын имараты.
Ошондой эле КРдин аймактарында Финансы-кредиттик фонддун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар, алар “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” боюнча маалымат берүүгө даяр.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 222 токтомунун долбоору.