А.Бакетаев Эмико Тодорокиге «Пайызсыз кредиттер» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды

А.Бакетаев Эмико Тодорокиге «Пайызсыз кредиттер» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды

А. Бакетаев пайызсыз насыялар долбоорунун ийгиликтүү ишке ашышы менен Эмико Тодорокиге Финансы министрлигинин ардак грамотасын ыйгарды

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында Финансы министри Алмаз Бакетаев, долбоордун жетекчиси, Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле финансы министринин орун басары Руслан Татиков, министрликтин кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева дагы катышты.

Анда долбоордун биринчи фазасынын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр талкууланды. Финансы министри Алмаз Бакетаев ишкерлерге пайызсыз насыяларды берүүнүн жогорку динамикасын белгиледи. Ошондой эле Бакетаев Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодорокинин долбоорго салымын баса белгилеп, министрликтин ардак грамотасын тапшырды. 

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруудагы маселелер, миссиянын натыйжалары жана келечек пландар талкууланды. 

Миссиянын мүчөлөрү кайтарымдуу каржылык көмөк компонетин ишке ашыруудагы прогреске жогорку баа беришип, каражаттарды өздөштүрүүнүн өсүшүн белгилешти.
 

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
1993