Тренддер
АК КАЛПАК КҮНҮНӨ КАРАТА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВДИН КУТТУКТООСУ
КРФМ
Урматтуу Ак калпакчан мырзалар!
Сиздерди бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктаймын!
Калпак - кыргыздардын кийимдеринин эң ыйыгы.
Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа адам жашоосунун төрт башталмасы: от, суу, аба, жер болуп саналат.
Мына ушул дүйнөнүн негизин түзгөн төрт башталманы башына көтөрүп жүрүү милдети эркектерге жүктөлгөн. Бул да бекер эмес. Себеби эркек эң биринчи үй-бүлөнүн, Мекендин тиреги, коргоочусу, демек дүйнөдөгү тынчтыкты сактап, жашоонун негизин кармап туруу да эркектин милдети эмеспи.
Эмесе, урматтуу мырзалар, Ак калпагыңар башыңардан түшпөй, зоболоңор бийик болсун!
Министрликтин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Ак калпак күнү менен куттуктаймын!