Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ФИНАНСЫ АКАДЕМИЯСЫ МЫРЗА-АКЕ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН МУГАЛИМДЕР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директору Эрке Турдумамбетова Өзгөн районундагы М.Разаков атындагы Мырза-Аке мектеп-интернатынын директору Абдивали Балтабаев менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Финансы академиянын кызматкерлери мектеп-интернатынын педагогикалык эмгек жамаатын Мугалимдер күнү менен куттуктап, мектеп-интернатынын директору Абдивали Балтабаевге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын Ардак грамотасы тапшырылды.
Ошондой эле, окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) сапаттуу даярдоого салым кошкон төмөнкү мугалимдер Финансы академиясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты:
- Ашимова Бактыгүл – директордун орун басары;
- Калеева Жанаргүл – кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Акматалиева Нуржамал – химия жана биология мугалими.
Финансы академиясынын директору Э. Турдумамбетова “Секом Ош” билим берүү мекемесинин директору С.Ормоновго жана бүткүл эмгек жамаатына ыраазычылык сөздөрүн айтып, Мугалимдер күнүнө карата Финансы академиясынын Ардак грамотасын мектеп-интернатынын директору аркылуу берип жиберди.
Белгилей кетсек, 2024–2025-окуу жылында Финансы академиянын демилгеси жана “Секом Ош” билим берүү мекемесинин колдоосу менен Мырза-Аке мектеп-интернатынын окуучулары үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча 8 айлык курстар уюштурулган. Анын ичинен үч ай акысыз кошумча сабактар өткөрүлгөн.
Долбоордун жыйынтыгында мектеп-интернаттын жети бүтүрүүчүсүнүн ичинен беш окуучу Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын бюджеттик негиздеги бөлүмдөрүнө ийгиликтүү өткөн.
Бул долбоорго активдүү катышкандыгы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Секом Ош” билим берүү мекемесинин окутуучулары Абдуло уулу Абдулвахидге жана Элчибек уулу Кумарбекке Финансы академиясынын директорунун сунушу менен Финансы министри А.К. Бакетаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ыраазычылык каты ыйгарылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында мектеп-интернатынын директору А.Балтабаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Финансы академиясы жамаатына, колдоо көрсөткөндүгү жана үзүрлүү кызматташтуу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
1 сүрөттөр
0.00MB