Аксел ван Тротсенбург: Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына 600 миллион долларга каржылайт

Аксел ван Тротсенбург: Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына 600 миллион долларга каржылайт

Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банктын тобу Кыргызстанга 600 миллион доллар өлчөмүндө каржылоону көздөп жатканын Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Троценбург мырза биринчи Бишкек экономикалык форумунда билдирди.

Дүйнөлүк банк тобу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк Алкактык программага ылайык республикага колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

«Кыргыз Республикасы Ковид-19гы кризистен аман чыкты. Ал эми азыр акыркы окуялардан келип чыккан экономикалык кесепеттеринен жапа чегип жатат. Тактап айтканда, өлкөдө инфляция жогорку деңгээлди көрсөтүп турат. Ошондуктан биз бүгүн биринчи Бишкек экономикалык форумунда Кыргыз Республикасын калыбына келтирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу үчүн келдик», - деди Аксел ван Троценбург.

Буга байланыштуу, Дүйнөлүк банктын башкаруучу директорунун айтымында, бардык кызыкдар тараптардын: өкмөттүн, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун сунуштарын угуу өтө маанилүү. Дүйнөлүк банк тобу 30 жылдан бери Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болуп келет. Бул убакыттын ичинде өлкөгө 2,7 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүлгөн.

«Дүйнөлүк банк келечекте Кыргыз Республикасынын өнөктөшү бойдон калууга ниеттенүүдө. Буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 600 миллион АКШ долларын бөлүп берүүсү жана жакынкы беш жылга алкактык стратегияны иштеп чыгуусу далил», - деп белгиледи Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору.

Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Бишкекте КР министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тобунун катышуусунда алгачкы жолу Бишкек экономикалык форуму өтүп жатат. Ал Кыргызстандын экономикасынын соккуларга туруктуулугун жогорулатууга жана трансформациялык өзгөрүүлөргө мүмкүндүк бере турган артыкчылыктуу реформалар боюнча диалог үчүн аянтча катары кызмат кылууга багытталган.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2701