Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы министрлиги тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы министрлиги тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө

2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу багытында Финансы министрлиги тарабынан бир катар долбоорлор ишке ашырылды.

 

Азыркы учурда Финансы Министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган  “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоору (мындан ары- Долбоор) ишке ашырылууда.

Бул Долбоор Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык жана Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы планын ишке ашыруу максатында жеке ишкерлерди жана ишканаларды колдоого багытталган.

Аталган Долбоордун алкагында пайызсыз насыяларга 109 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Каралган каражат жеке ишкерлерге жана ишканаларга 9 коммерциялык банктар аркылуу насыя түрүндө берилет.

2025-жылдын 1-январына карата 11 миң 269 ишкер жана ишканаларга коммерциялык банктар аркылуу 8,5 млрд сомго жакын суммада акча-каражаттар берилген. Белгилей кетүүчү жагдай, насыя алуучулардын 60 пайызын айым ишкерлер түзөт.

      Жеңилдетилген насыялардын шарттары тууралуу айта кетсек, каражаттар улуттук валютада, 3 жылдык мөөнөткө чейин, пайызсыз түрдө берилет.

Насыялардын өлчөмү 3 миллион сомго чейинки сумманы түзөт.

Кызыктар тараптар кошумча маалыматтарды катышуучу банктардан тактап алсаңыздар болот.

      Ошону менен катар Ишкердикти өнүктүрүү фонду аркылуу “Айым-көмөк” аталышындагы кредиттик программа ишке ашырылып келет. Ал боюнча айым ишкерлер 300 миң сомдом 5 миллион сомго чейин 16 пайыз менен насыяларды алып жатышат.

Бүгүнкү күнгө карата 307 айым ишкерлерге 417 миң сомго жакын суммада акча-каражаттар берилген. Насыя алуучулардын 100 пайызын айым ишкерлер түзөт.

Жалпысынан алып караганда 2022 – 2024 жылдар аралыгында Финансы министрлиги тарабынан каржыланган жеңилдетилген насыялардын суммасы 1 миллиард 720 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Өлкөбүздүн 1602 ишкери, анын ичинен 629 ишкер айымдар насы камсыз болушкан.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
914

Окшош жаңылыктар