Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп Б.Алишеров дайындалды

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп Б.Алишеров дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 25-февраль 2025-жылдын 25-февралындагы №113 буйругу менен Бакытбек Алишеров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Б.Алишеров 1999-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында;

2005-2006-жж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматында Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жана киийнчерээк Контрабандага, баңгизат бизнесине жана каршы күрөшүү башкармалыгында башкы тескөөчүсү;

2006-2009-жж. "Экспорттук көзөмөл жана чек ара коопсуздугу" программасы боюнча административдик жардамчы;

2010-2012-жж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы

Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

2012-2017-жж. коммерциялык түзүмдөрдө;

2018-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун директору;

2021-2022-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында төраганын биринчи орун басарынын кеңешчиси;

04.2022-06.2022-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги сегмзмнчи саясий департемаентинин директору;

07.2022-07.2023 Россия Федерациясындагы Евразия экономикалык комиссиясыннын Энергетика жана транспорт боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министрдин) катчылыгынын жетекчиси кызматтарында эмгектенген.

Атайын наамы: Бажы кызматынын майору.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3155

Окшош жаңылыктар