Menu
Тренддер

МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИ 300,5 СОМДУ ТҮЗДҮ
2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 300,5 млрд. сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу жалпы кирешелер 43,2%га же 90,7 млрд. сомго өстү.
2022-жылы салыктык кирешелердин көлөмү 229,0 млрд. сомду же пландан 100,5%ды түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 77,8 млрд. сомго же 51,4%га өстү.
Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 74,3 млрд. сомду, же пландын 100,8%ын түздү. Өткөн жылга салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 27,4 млрд. сомго, же 58,5 %га өстү.
Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 154,7 млрд. сомду түздү, пландык көрсөткүч 100,4%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу 50,4 млрд. сомго же 48,3%га өстү.
Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 52,1 млрд. сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөр 15,9%га же 7,2 млрд. сомго өстү. Салыкттык эмес кирешелердин өсүшү мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерден, ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акыдан жана жыйымдардан, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдөн, айыптардан жана дагы башка салыктык эмес түшүүлөрдөн байкалган.
Расмий гранттардын түшүүлөрү 19,5 млрд. сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 41,9%га же 5,8 млрд. сомго өскөн.