Тренддер
Экожылытууга 6% менен насыя: Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары жылуулук насосторун жеңилдетилген шартта орното алышат.
КРФМ
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Каржылоо «АБанк», «Элдик Банк» жана «Бакай Банк» өнөктөш банктары аркылуу жүргүзүлүүдө. Долбоор жеке сектордо көмүр жагуудан чыккан зыяндуу заттарды азайтып, смогго каршы күрөшүүгө багытталган.
24-августта Маевка айылында тургундар үчүн кезектеги маалыматтык түшүндүрүү жолугушуусу өттү. Талкууга борбор калаанын Биринчи май районундагы 15тен ашык конуштун, анын ичинде «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Көлмө», «Мурас-Ордо», «Тынчтык», «Аска-Таш» жана башка чектеш аймактардын жашоочулары катышты.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИАБ) социалдык-экологиялык маселелер боюнча координатору Таалайбек Асылбеков жана насыялоо боюнча консультант Адилет Акматов чогулгандарга мамлекеттик жеңилдетилген насыянын шарттары жана карыз алуучуларга коюлган талаптар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ал эми жабдууларды жеткирүүчү компаниянын өкүлү тематикалык видеоматериалдар аркылуу жылуулук насосторунун иштөө тартибин көрсөтүп, алардын кадимки көмүр мештеринен негизги артыкчылыктарын түшүндүрдү. Ошондой эле жабдууну орнотуунун баасы жана аны кошуу үчүн зарыл болгон техникалык шарттар боюнча тургундардын суроолоруна жооп берди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында элди жеңилдетилген насыя аркылуу заманбап «жашыл» технологияларга өтүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу үчүн башка райондордо да мындай жолугушууларды өткөрүүнү улантат.
2 сүрөттөр
0.00MB