Menu
Тренддер
Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагына Дүйнөлүк банк жана Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер жана Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви менен маанилүү жолугушуу болуп өттү.
КР Финансы министри А.Бакетаев жыйындын катышуучулары менен учурашып, Кыргыз Республикасына социалдык-экономикалык өнүгүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Министр Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, сунушталган долбоорлорду колдоого жана алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди. Ошону менен бирге А.Бакетаев Банктан Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун жаңы Стратегиясын бекитүүнү тездетүүнү суранды.
«Дүйнөлүк банк энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин позициясын жана келерки он жылдыкка реформалоо боюнча сунуштаган жол картасын толугу менен колдойт», - деди Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви.
Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер белгилегендей,
жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө жардам берет.
«Биргелешкен аракеттер менен биз экономиканы турукташтыруу жана Кыргызстан үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча антикризистик чараларды ишке ашыра алабыз», - деп жыйынтыктады А.Бакетаев.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертердин катышуусунда Швейцария Өкмөтүнүн электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого кошкон салымы катары 8 млн долларлык грантка кол коюлду.
«Электр энергетикасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу 2028-жылга чейин бардык эл аралык стандарттарга, анын ичинде сатып алуулар жана финансылык башкаруу эрежелерине, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек , Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагы жылдар бою топтолуп, курчуп келе жаткан көйгөйлөргө туш болууда. Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги өзгөчө кыш мезгилинде келип чыгууда. Электр чубалгылары, кубатуулугу Совет доорунан бери каралабай 70 пайызга жакыны өз мөөнөтүн аяктап калды. Бул өлкө боюнча жабдуулардын иштен чыгышынан жана ашыкча жүктөөлөрдөн улам электр энергиянын тез-тез өчүрүлүшүнө алып келди. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы электр энергиясына тарифтер боюнча дүйнөдөгү эң төмөнкү мамлекеттердин бири болуп саналат, бул өлкөгө финансылык оор жүктү жаратууда.
5 сүрөттөр
14.58MB