Menu
Тренддер
МОСКВАДА ӨТКӨН ЕВРАЗИЯЛЫК ЭМОНОМИКАЛЫК ФОРУМ
Москва шаарында 2023-жылдагы Евразия экономикалык форумунун аянтчасында «Ex-ante vs ex-post атаандаштыкты жөнгө салуу, жана санариптик трансформация темасында иш- чара» болуп өттү.
Талкууга КРнын Финансы министринин орун басары - У.И. Календеров, Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри-Б. Т. Султанов, РФ Федералдык монополияга каршы кызматынын жетекчиси - М. А. Шаскольский,Евразия экономикалык бирлигинин сотунун төрагасы - Э. В. Айриян, Россия Федерациясынын Финансы министринин орун басары - А. М. Лавров жана башка дискусиянын катышуучулары катышышты.
Финансы министринин орун басары У.И. Календеров белгилегендей, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар системасы 2015-жылдан бери электрондук соодага өткөн. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын мыйзамдарында мамлекеттик сатып алуулардын электрондук тооруктар рыногунда экономикалык топтолууну болтурбоого жана атаандаштыкты коргоого багытталган ченемдер каралган жана аны өнүктүрүүнүн этаптары үчүн андан аркы кадамдар кабыл алынат. Форумдун жүрүшүндө санариптик рынокторду жөнгө салууга карата мамилелер ар түрдүү тармактарда жана өз ара пайдалуу долбоорлордо кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызмат кылат".
Жолугушуунун алкагында Мамлекеттик сатып алуулар жана санариптештирүү боюнча актуалдуу маселелер,мамлекет менен бизнестин экономикалык өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды. Евроазиялык экономикалык биримдигинин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү санариптик рынокторго тез өтүү шарттарында атаандаштыкты баланстуу жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашууда.
5 сүрөттөр
15.71MB