Menu
Тренддер
Энергетика секторун каржылоо жана 2022-жылга күз-кыш мезгилине даярдык
Энергетика тармагын жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 15 612,7 млн сом суммасында каражат каралып, анын ичинен бюджеттик каражаттан 2022-жылдын 11-ноябрына карата 11 070,1 млн сом бөлүнгөн. Алар:
- "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн "Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар" беренеси боюнча 1 410,5 млн. сом каралган. Бүгүнкү күндө ал сумма толугу менен бөлүндү. Ошону менен бирге калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргызтеплоэнерго» ААК жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165,0 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда;
- Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50 пайыздык жеңилдикти компенсациялоого 150,0 млн сом каралып, анын ичинен 148,7 млн сом бөлүнгөн;
Коммуналдык кызматтарга байланыштуу республикалык бюджеттен каржыланган чыгашаларга 2022-жылдын 31-ноябрына карата 2960,0 млн сом каралган, анын ичинен 1733,6 млн сому электр/жылуулук ресурстарына бөлүнгөн:
- электр энергиясы үчүн төлөөгө -1444,7 млн сом;
- жылуулук энергиясына төлөөгө - 265,4 млн сом;
- жаратылыш газын төлөөгө - 23,5 млн сом;
- Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270,7 млн сом каралып, анын 237,3 млн сому бөлүнгөн.
- Электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, Бала-Саруу ГЭСин курууга 11117,5 млн сом бюджеттик кредит карларган. Бүгүнкү күндө 7540,0 млн сом бөлүнгөн.