2022-жылдын 31-декабрына Энергетика секторун жана күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы.

2022-жылдын 31-декабрына Энергетика секторун жана күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы.

Энергетика секторун жана күз-кыш мезгилине даярдык жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого 2022-жылы 15 284,4 млн сом суммасында каражат такталып каралган, анын ичинен 31.12.2022-жылга карата 15 251,3 млн сом суммасында бюджеттик каражат бөлүнгөн (99,8%):

  • “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жылуулук энергиясын субсидиялоого “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча 1 575,5 млн сом бөлүндү (100%). Бул чыгымдар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу “Кыргызжылуулукэнерго” жылуулук менен жабдуу ишканаларынын зыяндарын компенсациялоого каралган.
  • Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50 пайыздык жөлөкпулдун компенсациясына 150,0 млн сом каралып, анын ичинен 148,7 млн сом бөлүндү (99,2%).
  • Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 313,3 млн сом каралып, анын ичинен 305,3 млн сом каржыланып берилди.
  • Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын коммуналдык чарбага байланыштуу чыгымдарына 2 627,2 млн сом каралган. Иш жүзүндө керектөө 31.12.2022-ж.  электр/жылуулук ресурстары үчүн 2 403,7 млн сомду түзүп, анын ичинен электр энергиясы үчүн  1 981,8 млн сом, жылуулук энергиясы үчүн 385,5 млн сом, жаратылыш газы үчүн 36,4 млн сом төлөндү.
  • Электр энергиясын импорттоого, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери үчүн отун ресурстарын сатып алууга, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү менен даярдык көрүү мезгилинин объекттерин куруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашырууга жана “Бала-Саруу ГЭС” чакан гидроэлектрстанциясын куруу долбоорун ишке ашырууга 10 567,5 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүндү.

               Ошондой эле, 2022-жылга республикалык бюджетте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектелген электр энергиясы үчүн чыгымдарды жабуу үчүн 831,2 млн. сом бөлүнүп берилди. (КР МК 2022-жылдын 11-мартындагы №126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык).

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2378

Окшош жаңылыктар