Menu
Тренддер
![“АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-12” ДОЛБООРУ](https://minfin.kg/storage/files/shares/Post/Post-1450/preview/res_be097c0585860e8a693d879e990f704c.jpg)
“АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-12” ДОЛБООРУ
Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2024 – жылдын 11 – апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча маалымат.
2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилди.
Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 11-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 2 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 937,2 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 91,8 млн. сом суммасында 273 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 845,4 млн. сом суммасында 1 989 субъектти түзөт.
2024 – жылдын 11 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.
(млн. сом)
№ |
|
Берилген кредиттердин саны |
Долбоорду өздөштүрүү суммасы |
Республика боюнча бардыгы |
2 262 |
937,2 |
|
1 |
Чүй облусу |
384 |
152,9 |
2 |
Ысык-Көл облусу |
287 |
104,3 |
3 |
Талас облусу |
182 |
76,4 |
4 |
Нарын облусу |
340 |
140,1 |
5 |
Жалал-Абад облусу |
569 |
244,8 |
6 |
Ош облусу |
379 |
166,6 |
7 |
Баткен облусу |
121 |
52,1 |
Тиркелген файлдар