Menu
Тренддер

«Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду» КР Финансы министрлиги менен ишкер аялдар үчүн онлайн семинар өткөрдү
2023-жылдын 27-февралында «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду» КБ (Фонд) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кредиттик багытын башкаруу бѳлүмү менен биргеликте Zoom платформасында ишкер аялдар үчүн онлайн семинар өткөрдү. Модератор болуп фонддун аткаруучу директору Усупова Айзаада болду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 71 адам катышты.
Бул семинардын спикери КБББнүн кредит адиси Адилет Акматов пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам, ошондой эле бул жардамды алуу тартиби жана талаптары боюнча кеңири маалымат берди.
Презентациянын соңунда семинардын катышуучулары суроо-жооп форматына өтүп, анда ишкер айымдардын бардык суроолоруна квалификациялуу жооптор берилди.
Онлайн-семинардын катышуучулары пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардамга жана бул Долбоордун бенефициарлары болууга чоң кызыгууну жаратышты.
Бул иш-чара аялдар жетектеген МЧОИ үчүн кайтарымдуу финансылык жардамга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максаттарына жана ошондой эле Кызыкдар тараптардын катышуусунун планынын 7.4. пунктуна туура келет.