Menu
Тренддер
11.05.2023-ЖЫЛГА КАРАТА “АЧК-11” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 4371 АЙЫЛДЫК ТОВАР ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ 1,9 МЛРД СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ БЕРИЛДИ
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.
Долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 11-майына карата Долбоордун алкагында республиканын 4 371 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,9 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.