ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ГЕНДЕРДИК ТОБУНУН ГЛОБАЛДЫК ДИРЕКТОРУ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ДОЛБООРУНУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ГЕНДЕРДИК ТОБУНУН ГЛОБАЛДЫК ДИРЕКТОРУ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ДОЛБООРУНУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Дүйнөлүк банктын Гендердик тобунун Глобалдык директору Хана Брикси Борбордук Азияга иш сапарынын алкагында “Микро, чакан жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү” долбоорунун бенефициарлары менен жеринде жолугушту.

КР Финансы министрлигинин кредиттик линияларды башкаруу департаментинин директору Б. Мусакожоева билдиргендей, бүгүнкү күндө мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлердин 61%дан ашыгы  ишкер аялдар. Ишкер аялдардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн Финансы министрлиги мамлекеттик, жеке жана финансылык институттар менен ондогон жолугушууларды өткөргөн.

Бул долбоордун бенефициарларынын бири, жеке бала бакчанын негиздөөчүсү Маргарита Байтикова үй-бүлөдө жалгыз багуучу болгон аялдарды жумушка орноштурганын айтты. Мамлекет тарабынан мындай каржылык колдоо бизнес туруктуу иштеши үчүн зарыл экенин белгиледи.

Өз кезегинде Брикси айым долбоордун бардык кызыкдар тараптарын кеңири камтуу боюнча Финансы министрлигинин ишин, ошондой эле долбоордун ишкер аялдардын финансылык абалына гана эмес, аймактын экономикасына тийгизген таасирин белгиледи.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
1538