Menu
Тренддер
Мамлекеттик салык кызматы 148 миллиард 125 миллион сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы
2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 148 миллиард 125 миллион сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул өткөн жылга салыштырмалуу 44,3 миллиард сомго көп.
Ошондой эле 111 млрд 755,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236,8 миллион сомго ашык аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906,6 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 147,3%).
Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 36 миллиард 369,6 миллион сомду түздү. Коюлган план 1 миллиард 29,6 миллион сомго ашык аткарылган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443,4 млн сомго көп (өсүү темпи 130,2%).