Menu
Тренддер

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кадрлар резервин түзүүгө сынак жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарындагы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүгө сынак жарыялайт.
.
Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2025-жылдын 10-февралынан 17-мартына чейин.
Документтерди тапшыруу жери: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч. 4а, коомдук кабылдама (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын административдик имараты).
Сынак төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кадрлар резервине;
- Адистештирилген-окутуу бажысынын ветеринардык кызмат бөлүнүшүндөгү бош кызмат орундарына;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык технологиялар бөлүнүштөрүндөгү бош кызмат орундарына;
- Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн квотанын негизинде Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жолдомосу боюнча окутуунун күндүзгү формасында окууну аяктаган Россия Федерациясынын Россия бажы академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн.
Сынактын максаты – бажы кызматынын катарына кесипкөй адистерди жана жаш адистерди тартуудагы ачык-айкындуулук. Катышууга 35 жашка чейинки жогорку билимдүү, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары чакырылат. Квалификациялык талаптар жана талап кылынуучу документтердин тизмеси жөнүндө толук маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: https://www.customs.gov.kg/news/get?id=1418
Сынак үч этапта өтөт: физикалык даярдык боюнча ченемдерди тапшыруу, компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү.
Сурап билүү үчүн телефондор:
0312-510651 (ички 148)
0312-512443
Тиркелген файлдар