Menu

БИШКЕКТЕ ТАЗА АБА ҮЧҮН МАМЛЕКЕТ МЕНЕН БАНКТАР БИРИГҮҮДӨ

БИШКЕКТЕ ТАЗА АБА ҮЧҮН МАМЛЕКЕТ МЕНЕН БАНКТАР БИРИГҮҮДӨ

КФРМ

            Бишкекте Абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өлкөнүн коммерциялык банктарынын расмий жолугушуусу болуп өттү. Башкы максаты - кыргызстандыктарды көмүр менен жылытуудан баш тартып, заманбап жана экологиялык таза технологияларга өтүүнү колдоо.
         Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн АКШ доллары көлөмүндө каржыланууда. Анын ичинен 31,8 млн АКШ доллар  үч коммерциялык банк аркылуу жеңилдетилген кредит катары берилет.
         Мамлекеттик долбоор көмүрдү керектөөнү азайтууга жана зыяндуу калдыктардын чыгышын кыскартууга, энергия үнөмдөөчү жылытуу системаларын киргизүүгө, калктын заманбап жана экологиялык таза жылытуунун түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген пайыз менен кредит берүүгө багытталган.
          Жолугушууларда Финансы министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү долбоордун бардык деталдарын талкуулап, калкка жеңилдетилген кредиттерди берүүгө катышуучу банктардын колдоосуна ээ болушту.
       Финансы министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева: Финансы министрлиги үй-чарбалар көмүр жана газга караганда арзан түшчү заманбап жана экологиялык таза жылытуу технологияларына өтүшү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат” деп белгиледи.
    Коммерциялык банктар долбоорго катышууга даяр экендигин тастыктап, Дүйнөлүк банктын бардык жол - жоболоруна  экологиялык баалоо жана Due Diligence (финансылык-корпоративдик текшерүү) процесстеринен өттү.
        Айыл Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев өз сөзүндө “Биздин максат - адамдардын жашоосун жеңилдетип, жаңы технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Биз долбоорго колдоо көрсөтүүгө даярбыз”- деп белгиледи.
      Аны менен катар “Бакай Банк” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев: “Бул кредиттик продукт биз үчүн социалдык мааниге гана ээ болбостон, Бишкектеги эң чоң көйгөй - түтүн, ышты чечүүгө жардам берет. Экологиялык демилгелерди колдоо - биздин артыкчылыгыбыз” деп кошумчалады.
   Ал эми, “Элдик Банк” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акылбек Турдалиев: “Жылуулук насостору айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизип, калктын ден соолугун жакшыртууга көмөк берет.  Элдик Банк бул долбоорду колдой тургандыгын жана аны ийгиликтүү ишке ашырууга кызыктар экендигин” белгиледи.
          Долбоор борбор калаада жана ага чектеш райондордо экологиялык маселелерди чечүүгө багытталган. Финансы министрлиги, долбоордун алкагындагы кредиттик линия көптөгөн үй-бүлөлөргө заманбап, экологиялык жактан таза жылытуу системаларына өтүүгө жардам берип, өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртууга салым кошот деп эсептейт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
697

Окшош жаңылыктар