МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫ
|
1-Компонент. Кайтарылуучу финансылык жардам.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 521-т тескемесине ылайык, берилген каражаттардын жаңы жана ынгайлуу шарттары бекитилгендигин билдирет.
Компонент жарамдуу микро, чакан жана орто ишканаларга алардын ликвиддүүлүккө болгон муктаждыктарын колдоо үчүн финансылык жардам көрсөтөт. Банк тарабынан белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн жардамдын негизги суммасы кайтарылууга жатат.
|
Долбоордун максаты |
- COVID-19 кризисине жооп катары жана калыбына келтирүү мезгилинде микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо.
|
Долбоордун бенефициарлары |
- Микро, чакан жана орто ишканалар (айыл чарбасы каржыланбайт)
|
Долбоордун шарттары |
- Валютасы: КР сом
- Пайызы: 0% (пайызсыз)
- Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин
|
Каралуучу чыгашалар |
- инвестицияны каржылоо (жабдуулар, санариптик технологиялар, жашыл экономикада жумшартуу жана адаптациялоо жана башкалар);
- иштеп жаткан жүгүртүү каражаттары (чийки зат, материалдар, запастар, товарлар жана ишкердик ишмердүүлүктү жандандыруу үчүн башка ресурстар);
- операциялык чыгымдар (эмгек акы төлөө боюнча чыгымдар, жеткирүүчүлөрдүн эсеп-дүмүрчөктөрү, ижарага чыгашалар, коммуналдык чыгымдар (анын ичинде интернет).
|
КРИТЕРИЙЛЕР:
|
1-Категория |
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
- Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу же алар боюнча карыздын жоктугу, ошондой эле банкка кайрылуу датасына кредиттик бюронун маалыматын эске алуу менен.
- Финансылык жардамдын суммасы: 1 000 000 сомго чейин
|
2 - Категория |
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
- Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу же алар боюнча карыздын жоктугу, ошондой эле банкка кайрылуу датасына кредиттик бюронун маалыматын эске алуу менен.
- Финансылык жардамдын суммасы: 3 000 000 сомго чейин
|
БАНКТАР:
|
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн (төмөндө көрсөтүлгөн). Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылыңыз:
- «Айыл Банк» ААК – Бишкек ш., 14 Логвиненко көч., тел.: (312) 68-00-00, (556) 68-00-00, (707) 68-00-00
- «Керемет Банк» ААК – Бишкек ш., 40/4 Тоголок Молдо көч., тел.: +996 312 55 44 44, email: call-center@keremetbank.kg
- «РСК Банк» ААК – Бишкек ш., 80/1 Москва көч., тел.: +996 (312/552/706/775) 911 111, email: info@rsk.kg
- «Азия Банкы» ЖАК - Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 303 «Бишкек» эркин экономикалык аймагы, тел.: (312) 91-07-07, (777) 96-77-07, (559) 96-77-07, (706) 96-77-07, email: bankasia@bankasia.kg
- «ФинансКредитБанк» ААК – Бишкек ш., 105 Абдрахманов көч., тел.: (312) 30-30-14, 30-35-10, 30-34-87, 30-34-12, 44-34-43, email: fkb@fkb.kg
- «Халык Банк Кыргызстан» ААК – Бишкек ш., 390 Фрунзе көч., тел.: 996 312 988 330 +996 555 988 330 +996 770 988 330 +996 706 988 330, email: halyk@halykbank.kg
- «Капитал Банк» ААК – Бишкек ш., 161 Москва көч., тел.: +996 (312) 31 30 30, email: office@capitalbank.kg
- «Дос-Кредобанк» ААК – Бишкек ш., 92 Чуй пр, ГУМ, 6-кабат, тел.: 8686, +996 (312) 98 69 89, email: office@doscredobank.kg
- «Кыргызкоммерцбанк» ААК – Бишкек ш., 101 Шопоков көч., тел.: +996 312 333 000, email: bishkek@kkb.kg
- «Бакай Банк» ААК – Бишкек ш., 56 Мичурин көч., тел.: 6111, +996 312 610 061, email: bank@bakai.kg
- «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК - г. Бишкек, ул. Байтик Баатыра 68, тел.: +996 312 54 34 24, email: bank@ksbc.kg
|