ЭЛЕКТРОНДУК МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

ЭЛЕКТРОНДУК МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Кыргызстанда "Мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын" ишке ашыруу максатында, КР Өкмөтү ишке ашырган пландардын арасында Мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрүү ишке ашырылган. Ошол эле учурда, мурда сатып алуу жол-жоболоруна катышууга табыштамалар конверттерде сатып алуучу уюмдун өзүнө кол менен берилген, башкача айтканда коррупциялык тобокелдик жана кутум фактору болгон, ал жокко чыгарылган.

Бүгүнкү күндө бардык сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталына которулду "zakupki.gov.kg". мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик мекемелер сатып алуулардын жол-жоболорун пландоодон баштап, мамлекеттик сатып алууларды жыйынтыктоого чейин электрондук форматта ишке ашыра башташты. 
Республикада мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү максатында, тиешелүү мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Финансы министрлиги тарабынан  2023- жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик сатып алуулардын модернизацияланган порталы ишке киргизилген.
Бүгүнкү күндө Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алууларды пландаштыруу, сатып алуулар жөнүндө документтерди иштеп чыгуу, сатып алуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо, сунуштарды ачуу, баалоо жана салыштыруу, жеңүүчүнү тандоо, контракт түзүү этабынан баштап сатып алуулар жол-жоболорунун бардык этаптарын өткөрөт, башкача айтканда жеткирүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу сатып алуулар жол-жоболоруна катышууга өз табыштамаларын беришет, ошондой эле конкурстук комиссия кокустан тандоо методу менен мамлекеттик сатып алуулар порталы тарабынан автоматтык түрдө аныкталат. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жаңы этаптарынын бирин ишке ашыруу, мамлекеттик сатып алуулардын контракттарын администрациялоо процесси аяктоо стадиясында турат. Мындан тышкары, электрондук каталог киргизилген, ал түздөн-түз даяр техникалык мүнөздөмөлөрү менен кыска мөөнөттүн ичинде стандарттык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге арызданууларды кароо системасы өркүндөтүлдү, ал электрондук форматта, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жеткирүүчүнүн жеке кабинети аркылуу өтүп жатат, бул болсо арыз берүү процессин жөнөкөйлөштүрдү. 
Коомчулук тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын электрондук форматына өтүү ийгиликтүү катары бааланып, кагаз форматын алып салуу аркылуу сатып алуулардын электрондук системасындагы жылыш катары бааланды. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар порталына эл аралык аудит жүргүзүлүп, анда системага тиешелүү баа берилген .
Ошону менен бирге, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы "zakupki.gov.kg" ачык, жеткиликтүү болуп саналат жана штаттык режимде иштейт, ошондой эле сатып алуучу уюмдардан, Кыргыз Республикасынын резиденттерин жеткирүүчүлөрдөн жана резидент эместерден баштап бардык колдонуучуларга, ошондой эле бардык коомчулукка, укук коргоо органдарына, ЖМКларга ыңгайлуу болушу үчүн функцияларды модернизациялоо жана өркүндөтүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2652