2022 – жылдын 20 – октябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча маалымат

2022 – жылдын 20 – октябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча маалымат

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору бекитилген.

Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк,  мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат. Бул долбоорлорду ишке ашырууну баштагандан тартып 120 619 чарбалык субъектилерге 51,51 млрд. сом суммасында кредит берилген, анын ичинде: 

            - «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 33,0 млрд. сом суммасында 96 076 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;

            - «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча  7,83 млрд. сом суммасында 22 139 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;

- «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10,68 млрд. сом суммасында 2 399 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 6 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2022-жылдын 20-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 8 161 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 557,8 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2804