2022-жылдын 24-ноябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча маалымат

2022-жылдын 24-ноябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча маалымат

2022-жылдын 24-ноябрына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 8 256 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 677,6 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору бекитилген.

Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк,  мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат. Бул долбоорлорду ишке ашырууну баштагандан тартып 120 714 чарбалык субъектилерге 51,63 млрд. сом суммасында кредит берилген, анын ичинде: 

  • «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 33,01 млрд. сом суммасында 96 099 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;
  • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 7,85 млрд. сом суммасында 22 180 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;
  • «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10,77 млрд. сом суммасында 2 435 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 6 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3007