Menu
Тренддер

2023 – жылдын 17 – августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору боюнча маалымат.
Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 17-августуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 7 238 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 252,2 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.