Menu
Тренддер

АЧК-11 ДОЛБООРУНУН НЕГИЗИНДЕ 3,28 МЛРД СОМ КРЕДИТ БЕРИЛДИ
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.
Долбоордун алкагында республиканын 7312 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 283, 9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом.